Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Май, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:56

Мунай баасы беш жылдагы эң төмөнкү чекке түштү

Кара майдын “Benchmark Brent” сорту бүгүнкү соодада 65.33 долларга чейин арзандады. Бул 2009-жылдын сентябрынан берки эң төмөнкү баа.

Адистердин айтымында, Кытайда жана өнүгүп келе жаткан башка ири өлкөлөрдө экономиканын өсүү ыргагынын басаңдашы, ал эми дүйнөнүн эң ири мунай керектөөчүсү – АКШда мунай өндүрүшүнүн күчөшү быйыл июндан тарта кара майдын баасы кескин арзандашына түрткү берди.

Кара май өндүрүүчүлөрдүн картели – ОПЕКтин өндүрүш көлөмүн кыскартпоо боюнча өткөн айдагы чечими да буга салым кошту. (UE)

XS
SM
MD
LG