Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:47

“Центерра Голддун” директорлор кеңешинин жыйыны өтөт


10-декабрда Торонтодо “Центерра Голддун” директорлор кеңешинин жыйыны өтөт. Анда кыргыз өкмөтү менен Кумтөр боюнча кийинки сүйлөшүүлөр тууралуу сөз болмокчу. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңеште вице-премьер-министр Валерий Диль билдирди. Анын айтымында, сүйлөшүүгө директорлор кеңешиндеги Кыргызстандын өкүлдөрү да катышат. Андан соң 18-20-декабрда Москвада Кумтөр боюнча сүйлөшүүнүн төртүнчү айлампасы башталат.

- Бул сүйлөшүүлөрдө бир катар талаштуу маселелер боюнча мунаса табабыз деп үмүттөнөбүз, - деди Валерий Диль.

Ушул жылдын февраль айында Жогорку Кеңеш Кумтөрдө үлүш теңме-тең бөлүнгөн шартта биргелешкен ишкана түзүү боюнча меморандумду жактырган. Эми дагы кошумча 10дон ашык келишим түзүлүп, аларды парламент жактырышы керек. Бул үчүн парламент 15-декабрга чейин өкмөткө убакыт берген.

Бүгүн парламенттин тиешелүү комитеттери сүйлөшүүнүн жүрүшү боюнча өкмөттүн маалыматын угуп жатат. (BkA)

XS
SM
MD
LG