Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Август, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:54

"Кыргызмунайгаздагы" беш миллион сомдук чыгым иликтенүүдө

Улуттук коопсуздук комитетинин Коррупцияга каршы кызматы "Кыргызмунайгаз" ишканасында 5,4 миллион сомдук жоготуу болгонун кабарлады. Буга байланыштуу Жалал-Абаддын Ноокен райондук милициясынын тергөө бөлүмү кылмыш иш козгоду.

УКМКнын маалыматына караганда, «Кыргызмунайгаз» ишканасынын жооптуу кызматкерлери Кочкор-Ата шаарындагы аки таш цехтерине жаратылыш газын сатууда 883 миң куб метрлик көлөмдү жоготууга учуратып, 5 миллион 420 миң сомдук чыгымга алып келген.

Факт боюнча тергөө жүрүүдө. (RK)

XS
SM
MD
LG