Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:46

Ирак АКШдан “ИМ” тобуна каршы аба соккуларды көбөйтүүнү суранды


Мындай өтүнүч Ирактын премьер-министри Хайдер ал- Абади менен АКШнын кызматтан кетип жаткан коргоо министри Чак Хейгелдин жолугушуусуна жасалды.

Ирак тарап батыштык коалиция “Ислам мамлекети” тобуна каршы аба соккуларды күчөтүүсүнөн тышкары, АКШдан оор куралдарды да суранды.

Ирактын коргоо министри Халид ал -Обейди мындай дейт:

- Операциянын азыркы деңгээли талап кылынгандан төмөн. АКШ баштаган коалиция аба соккуларын көбөйтсө, менин эсебимде, “Ислам мамлекети” тобунун кубатын 70-80 %га алсырата алат.

Пентагондун башчысы Иракка АКШ аскерлери кеткен 2011-жылдын декабрынан бери биринчи ирет барды.

Учурда Иракта АКШнын жергиликтүү күчтөрдү машыктырып, кеңеш берип жаткан 1500дөй жоокери бар. Президент Обама дагы 1500 аскерди жиберүү чечимин жактырган.

АКШнын “Ислам мамлекети” тобуна каршы иштерди координациялаган колбашчысы Жеймс Терринин айтымында, коалицияга кирген өлкөлөр да өз тарабынан бир жарым миң аскер жиберүүнү убада кылышты. (UE)

XS
SM
MD
LG