Премьер-министрликке бул ирет Приштинанын мэри Иса Мустафа шайланды.
Анын Демократиялык лигасы кечээ мурдагы премьер Хашим Тачинин Демократиялык партиясы менен коалициялык келишим түзүүгө жетишкен эле.
Тачи жаңы өкмөттө тышкы иштер министринин кызматын аркалайт.
Жаңы өкмөттүн куралышы Косовону ал июндагы мөөнөтсүз парламенттик шайлоодон кийин кабылган саясий туңгуюктан да чыгарды.
Сербиядан 1999-жылы ажырап кеткен Косово көз карандысыздыгын бир тараптуу түрдө 2008-жылы жарыялаган. Андан бери ал 100дөн ашуун өлкө тарабынан таанылды.
Бирок Сербиянын башкы өнөктөшү - Орусиянын каршылыгынан улам Кособо БУУга мүчө боло алган жок. (UE)