Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:56

Молдова: Орусиядан өзөктүк материал ташыды деп шектелгендер камалды


Молдованын полициясы жарыялагандай, камалгандар жети адам.

Полициянын башкы инспектору Ион Боругдун айтымында, алар өзөктүк материалдарды импорттогону,сактаганы, сатканы үчүн айыпталууда.

Алар Кишиневдо жана башка шаарларда жүргүзүлгөн тинтүүлөрдөн кийин өткөн аптада камалышкан.

Орусиядан Молдовага поезд менен алынып келинди деп болжолдонуп жаткан өзөктүк материалдар “булганыч бомба” жасоодо колдонулушу мүмкүн.

Кармалгандардан 200 грамм уран -238, уран аралашмасы бар -235 заты, бир килограмм сымап, таанылбаган дагы бир радиоактивдүү материал алынган.

Конфискацияланган материалдардын базардагы баасы 2 миллион долларга чейин жетет. (UE)

XS
SM
MD
LG