Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:05

Адам укугунун эл аралык күнү Кыргызстанда белгиленет


10-декабрь -адам укугун коргоонун эл аралык күнүнө карата Кыргызстандын Акыйкатчысы бир айлык акцияны жыйынтыктаган иш-чара өткөрөт. Бир айлыктын алкагында адам укугу темасын мыкты чагылдырган макалалар сынагы болуп, бул темада социалдык ролик тартылган. Акыйкатчы Бакыт Аманбаев студенттер менен жолугуп, Кыргызстандагы адам укугунун абалы тууралуу маалымат берип, талкууларды жүргүзгөн.

Жыйынга Президенттик аппараттын өкүлдөрү, ЖК депутаттары, ЕККУнун жана БУУнун Качкындар комиссариатынын Бишкектеги өкүлдөрү катышат. Ошондой эле анда Кыргызстандагы активдүү укук коргоочулар сыйланышат, конокторго “Кыргызстандын укук коргоочулары -365” аттуу тасма көрсөтүлөт.

Кыргызстандын Акыйкатчы институту 2002-жылы декабрда негизделген.

Адам укугун коргоо күнүнө карата үй-бүлөдөгү зомбулукту токтотууга арналган 16 күндүк өнөктөштүк да бүгүн аягына чыгарылат.(ZKo)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG