Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:58

Тоолуу Карабахта армян аскери өлтүрүлдү


Тоолуу Карабахтын бийликтери ал азербайжандын куралдуу күчтөрү менен кагылышууда, 8-декабрда окко учканын билдирүүдө. Аймактын өкмөт өкүлү Дэвид Бабаян Азербайжандын аскерлери кол салган учурда кагылышуу болгонун айтат.

1990-жылдардын башында Ереван колдогон жикчилер кошуна өлкөнүн армяндар үстөмдүк кылган Тоолуу Карабак аймагын жана анын айланасындагы жерлерди ээлеп алышкан. Эки өлкөнүн урушу 30 миңдей кишинин өмүрүн алып кеткен.

Согуш 1994-жылы ок атышпоо келишим менен аяктаганы менен жаңжалдар көп болот.

XS
SM
MD
LG