Бишкектин Ленин райондук прокурорунун орун басары, Ленин райондук милициясынын тергөө бөлүмүнүн башчысы жана тергөөчүсү пара менен кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, аталган кызматкерлер Бишкектин тургунуна козголгон кылмыш ишти кыскартып беребиз деген убада менен 25 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды. Шектүүлөргө карата кылмыш иш козголуп, Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоо жайына камакка алынды. (BkA)