Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:37

Путин Өзбекстанга барды


Расмий Москванын билдирүүсүндө Путин Ташкентте өзбек президенти менен соода, инвестиция жана маданий багыттардагы эки өлкөнүн “стратегиялык өнөктөштүк” маселелерин талкуулоодо.

Президенттин тышкы иштер боюнча кеңешчиси Юрий Ушаковдун айтымында, Путин Өзбекстандын Орусияга болгон 890 миллион долларлык карызы боюнча жеңилдиктерди сунуштайт. Анын айтымында, бул жеңилдиктер Өзбекстанга куралды кредитке берүүгө жол ачат.

Мындан сырткары өзбек айыл чарба азыктарын Орусияга экспорттоо, регионалдык коопсуздук жана энергетика маселеси каралмакчы.

Путин менен Каримов акыркы жолу сентябрь айында Дүйшөмбүдө өткөн Шанхай кызматташтык уюмунун саммитинде жолуккан болчу.

XS
SM
MD
LG