Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:12

Бүгүн Адам укуктарынын эл аралык күнү


Бүгүн бүткүл дүйнөдө Адам укуктарынын күнү белгиленүүдө. 66 жыл мурун, 10-декабрда БУУнун Башкы ассамблеясы адам укугу боюнча декларация кабыл алган.

Быйыл бул күн “Адам укугу жыл бою - 365 күн” деген ураан менен өтүүдө.

Бүл күнгө байланыштуу бүгүн Москвада “акыркы жашоо орду” деген долбоор башталды. Ага ылайык Сталиндик репрессиянын курмандыгы болгон адамдардын ысымдары алар өмүрүнүн акыркы күндөрү жашаган үйлөрдүн дубалдарына жазылып, түбөлүк сакталып калмакчы.

Долбоор кайдыгер эмес жарандардын финансылык колдоосу менен ишке ашууда.

Мындай иш-чаралар буга чейин Европада өткөрүлүп, 11 өлкөдө 45 миңдей мемориалдык тактайча жасалган. Алар Холокосттун курмандыктарына арналган.

XS
SM
MD
LG