Бүгүн пакистандык укук коргоочу кыз Малала Юсуфзай жана индиялык жаш балдардын укугу боюнча активист Кайлаш Сатиартхи Нобел сыйлыгын алышты.
Ослодо өткөн салтанатта сыйлык ээлерине алтын медал жана диплом тапшырылды.
Иш-чаранын астында Малала “Азаттыкка” берген маегинде:
Бардык балдар мындан ары билим алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуп, аларды жумушчу күчү катары колдонуу токтош керек - деп айтты.
Азыр Британияда жашаган Малалага 2012-жылы талиптер кол салып, башынан оор жараат алган.
Ал Би-би-Сиге берген маегинде окуусун бүткөндөн кийин саясатка аралашып, Пакистандын премьер-министри болууну кыялданаарын айткан.