Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:55

ИИМ: Алмамбет Анапияевдин кармалганы расмий тастыктала элек


Кылмыш дүйнөсүнүн төбөлдөрүнүн бири делген Алмамбет Анапияевдин Бириккен Араб Эмираттарында кармалганы тууралуу маалымат расмий тактала элек. Бул тууралуу ‘"Азаттыкка" ИИМдин маалымат катчысы Бакыт Сеитов билдирди. Анын айтымында, учурда бул маалыматты тактоо иштери жүрүүдө.

Сеитов кошумчалагандай, акыркы кезде Анапияевди кармоо боюнча иштер жанданган. Өткөн апталарда президент Алмазбек Атамбаевдин Бириккен Араб Эмираттарына болгон расмий сапарында эки өлкө ортосундагы кылмышкерлерди экстрадициялоо боюнча келишимге кол коюлган. Бирок ал келишим азырынча күчүнө кире элек.

Буга чейин жергиликтүү айрым маалымат агенттиктер Анапияевдин Араб Эмираттарында кармалганын, жакында Кыргызстанга өткөрүлүп берилиши мүмкүн экенин жазып чыккан эле.

Алмамбет Анапияев Кылмыш кодексинин адам уурдоо, талап-тоноочулук жана адамды эркинен тыш, мажбурлап кармоо деген беренелери боюнча айыпталып, ага эл аралык издөө салынган. Айрым маалыматтар боюнча Анапияев Бириккен Араб Эмираттарында жашайт.(BkA)

XS
SM
MD
LG