Кыргызстан боюнча бүгүнкү күнгө карата биометриялык маалымат тапшыргандардын саны бир миллиондон ашты. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, орто эсеп менен күнүнө республика боюнча 50-60 миң адам биометриялык маалымат тапшырууда. Мындан сырткары Орусиядагы мигранттар үчүн атайын жабдыктар жөнөтүлдү.
Жалпысынан өлкө боюнча бул өнөктүккө катышууга милдеттүү 3 млн. 884 миң 270 киши бар. (BkA)