Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:24

Порошенко Орусияны чек араны жаап аскерлерин чыгарып кетүүгө чакырды


Украин президенти Петро Порошенко. Мельбрун. 11-декабрь. 2014-ж.
Украин президенти Петро Порошенко. Мельбрун. 11-декабрь. 2014-ж.

Австралияда визити менен жүргөн Украина президенти Петро Порошенко расмий Москвага кайрылып, Украинанын аймагынан аскерлерин чыгарып кетүүгө жана орус-украин чек арасын жабууга чакырды. Ал эгер эки өлкө ортосунда чек ара жабылса, бир-эки жумада Украинада тынчтык жана стабилдүүлүк орнойт деп белгиледи.

Өз кезегинде Австралия премьер-министри Тони Эббот эркин Украина үчүн тилектеш экенин билдирди.

Украина жана батыш өлкөлөрү Орусияны Украинанын чыгышындагы жикчилдерди колдоп, каржылап жатат деп күнөөлөп келет.

Расмий Москва Украинадагы конфликтке тиешеси жоктугун айтып келет.

XS
SM
MD
LG