Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:33

Орусия Индияга онго жакын атом реакторун курат


Орусия президенти Владимир Путин менен Индиянын премьер-министрти Нарендра Моди. 11-декабрь. 2014-ж.
Орусия президенти Владимир Путин менен Индиянын премьер-министрти Нарендра Моди. 11-декабрь. 2014-ж.

11-декабрда Орусия президенти Путин менен Индиянын премьер-министрти Нарендра Моди соода жана энергетика тармагындагы кызматташуу жаатында сүйлөшүү жүргүздү.

Жолугушуу алдында Путин Москва менен Нью-Делинин мамилесин “артыкчылыктуу стратегиялык кызматташуу” деп белгилеп, бул жолугушууда атом станцияларын куруу жана аскердик кызматташуу күчөйт деп билдирген.

Росатомдун башчысы Сергей Кириенконун айтымында, Индияда онго жакын атом реакторлорун куруу боюнча келишимге кол коюлуусу күтүлүүдө. Анын белгилешинче, Орусия буга чейин Индиянын түштүгүндө Кундакулам атом станциясынын бир реакторун курган.

Эки өлкөнүн соода жүгүртүү көлөмү 10 миллиард долларды түзөт.

Индиянын Франциядан жана АКШдан курал, аскердик учактарды сатып алганы бул өлкөгө мурдатан курал экспорттоп келген Орусияга жакпай келет.

Ошол эле учурда Орусиянын Пакистанга курал сатканы, тескерисинче, Индияны тынчсыздандырууда.

Бул мамилелердин салкындашына карабастан Индия Орусияга каршы санкцияларды колдогон эмес.

XS
SM
MD
LG