Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:19

Орусиячыл жикчилер үч украин аскерин өлтүрдү


Украинада ок атышпоо келишимине карабай кечээ, 11-декабрда орусиячыл жикчилер өкмөттүк күчтөрдүн үч өкүлүн атып өлтүрдү. Бул тууралуу армия өкүлү Андрей Лысенко билдирди.

5-сентябрда Минскте өкмөт менен жикчилер ортосунда тынчтык макулдашуусу кабыл алынган. Бирок ага карабастан соңку үч айдан бери 1000ге жакын адамдын өмүрү кыйылды. Бул жумада да кезектеги сүйлөшүү өтмөк, бирок жикчилер тараптан ок атуу токтобой келатканына байланыштуу бул тууралуу сөз кылуу мүмкүн болбой жатканын 10-декабрда экс-президент Леонид Кучма билдирген болчу. (RK)

XS
SM
MD
LG