Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Февраль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:04

Ала-Бука: аскер бөлүктө офицер өлүмү катталды


Ала-Букадагы №30670 аскер бөлүгүндө ок атылып, бир лейтенат каза болду. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, 11-декабрда кечке маал күзөттө турган С.Т аттуу улук лейтенант куралды колдонуу тартибин одоно бузуу менен Б.Э аттуу лейтенантты атып алган.

Жараат алган офицер райондук ооруканага жеткирилип, операция учурунда каза болду. Бул боюнча учурда кызматтык териштирүү башталды. Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын жетекчи орун басары Жаныбек Капаров жана Жалал-Абад гарнизонунун аскер прокуратурасынын өкүлдөрү баш болгон топ учурда Ала-Букада жүрөт.

Каза болгон 23 жаштагы лейтенант Бишкектеги Калыйнур Үсөнбеков атындагы жогорку аскер окуу жайын бүтүргөн. Ок атууга шектелген 27 жаштагы офицер Пензадагы аскердик окуу жайдын бүтүрүүчүсү.(BkA)

XS
SM
MD
LG