Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:32

Орусия Кыргызстандагы аскер базаcын чыңдоону улантат


Бул тууралуу Орусиянын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын жетекчиси Валерий Герасимов билдиргенин аталган органдын расмий сайты кабарлады. Маалыматка ылайык, Герасимов ушул аптада Орусиядагы башка өлкөлөрдүн аскерий атташелери менен жолугушууда сүйлөп жатып, ЖККУ алкагында аскерий кызматташтыкка өзгөчө маани берерин билдирген:

- Армения, Кыргызстан жана Тажикстан менен узак мөөнөттүү келишимдердин негизинде бул өлкөлөрдүн аймагындагы Орусиянын аскерий базаларынын дараметин чыңдайт, - деген Герасимов.

Учурда Кыргызстанда Орусиянын төрт аскерий объекти бар. Алар: Канттагы авиабаза, Ысык-Көлдүн Кой-Сары жана Кара-Булуң аймагындагы сыноо полигону, Чалдыбардагы байланыш түйүнү жана Майлы-Суудагы сейсмикалык борбор. Бул боюнча 2012-жылы жаңы келишим кабыл алынып, ага ылайык, Орусиянын Кыргызстандагы аскерий объекттери бирдиктүү аскер-аба базасына бириктирилген болчу.(BkA)

XS
SM
MD
LG