Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:35

Кыргызстан Чыңгыз Айтматовду эскерүүдө


Бүгүн “Ата-Бейит” мемориалдык комплексиндеги Чыңгыз Айтматовдун эстелигине гүлчамбар коюлуп, куран окулду. Залкар жазуучуну эскерүүгө Кыргызстан жазуучулар союзунун мүчөлөрү, чыгармачыл интеллегенция өкүлдөрү жана маркумдун үй-бүлөсү, жакындары катышууда. Мындан соң Бишкектеги Кыргыз-түрк “Манас” унивеситетинде эскерүү кечеси болот.

Бүгүн залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнү. Жазуучу тирүү болгондо бүгүн 86 жашка чыкмак. Жазуучунун мааракесине карата өлкө аймактарында эскерүү иш-чаралары уюштурулууда.

Чыңгыз Айтматов 1928-жылы 12-декабрда Таластын Шекер айылында туулган. Ал совет доорунда эле “Жамийла”, “Саманчынын жолу”, “Гүлсарат”, “Бетме-бет”, “Ак кеме”, “Кылым карытар бир күн”, “Кыямат” сыяктуу мыкты роман-повесттери менен дүйнөгө таанылган. Чыңгыз Айтматов мамлекеттик иштерге да жигердүү катышып, СССРдин Люксембургдагы элчиси болуп кызмат өтөгөн. СССР таркагандан кийин Чыңгыз Айтматов Кыргызстандын Бенилюкс өлкөлөрүндөгү элчиси кызматын аркалап келди. Жазуучу 2008-жылы 10-июнда, Германияда дарыланып жаткан жеринен көз жумган.

Айтматовдун туулган күнүнүн урматына 12-декабрь Кыргызстанда улуттук адабияттын күнү деп жарыяланган. (BkA/ZA)

XS
SM
MD
LG