Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:38

Ала-Бука: аскер бөлүктөгү окуя боюнча кылмыш иш козголду


Ала-Букадагы №30670 аскер бөлүгүндөгү офицердин өлүмү боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу “Азаттыкка” Жалал-Абад облусунун аскер прокурору Сагындык Мукашев билдирди. Анын айтымында, окуя боюнча Кылмыш кодексинин “Куралды этиятсыз колдонуу” беренеси боюнча иш козголуп, тергөө башталды.

Кечээ кечинде Ала-Букадагы аскер бөлүктө ок атылып, бир лейтенант каза болгон. Анда күзөттө турган С.Т аттуу улук лейтенант куралды колдонуу тартибин одоно бузуу менен Б.Э аттуу лейтенантты атып алган.

Жараат алган офицер райондук ооруканага жеткирилип, операция учурунда каза болду. Бул боюнча учурда кызматтык териштирүү башталды. Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын жетекчи орун басары Жаныбек Капаров жана Жалал-Абад гарнизонунун аскер прокуратурасынын өкүлдөрү баш болгон топ учурда Ала-Букада жүрөт.(BkjA)

XS
SM
MD
LG