Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров Энергетика министрлигинин имаратынын алдында тарифтердин көтөрүлүшүнө каршы акция өткөрүүдө.
Бул тууралуу “Азаттыкка” активист өзү билдирди. Ал министрликтин алдында ич кийимчен туруп, тарифтин көтөрүлүшүнө каршылыгын билдирүүдө. Токтонасыровдун айтымында, тарифтердин көтөрүлүшү карапайым калкка кыйынчылык туудурат. Мындай жол менен карапайым калк "жылаңач" калышы мүмкүн. "Өкмөт алгач эмгек маяналарды, пенсияны көтөрүп, андан соң тарифти кымбаттатуусу керек",-деди активист.
Кечээтен тарта электр энергияcына жана жылуулукка жаңы тариф күчүнө кирген. Электр энергиясынын жаңы тарифине ылайык, айына 700 кВт. саатка чейин электр кубатын пайдалангандар 70 тыйындан, андан ашкандар 2 сом 5 тыйындан төлөө каралган.(BkA)