Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:44

Кылмышка шектелген студенттер кармалды


Бишкекте опузалап акча талап кылууга шектелип Юридикалык академиянын жана ИИМ академиясынын студенттери кармалды.

Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, ушул айдын башында Октябрь райондук милициясына Бишкектин тургуну кайрылган. Ал 1000 долларын белгисиз эки адам опузалап тартып алганын билдирген.

Бул боюнча Юридикалык академиянын эки студенти жана ИИМ академиясынын эки курсанты кармалды. Алар Бишкек милициясынын убактылуу кармоо жайына киргизилди.(BkA)

XS
SM
MD
LG