Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:04

Президент Ала-Букадагы окуя боюнча Саляновага тапшырма берди


Президент Алмазбек Атамбаев Ала-Букадагы аскер бөлүктөгү окуяны көзөмөлгө алууну баш прокурор Аида Саляновага тапшырды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.

11-декабрь кечинде Коргоо министрлигине караштуу Ала-Букадагы аскер бөлүктө ок атылып, бир лейтенант каза болгон. Анда күзөттө турган С.Т аттуу улук лейтенант куралды колдонуу тартибин одоно бузуу менен Б.Э аттуу лейтенантты атып алган.

Жараат алган офицер райондук ооруканага жеткирилип, операция учурунда каза болду. Бул боюнча учурда кызматтык териштирүү башталып, кылмыш иш козголду.(BkA)

XS
SM
MD
LG