Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:37

Украинанын чыгышында соңку 24 саат тынч өттү


Украинанын президенти Петро Порошенко алгачкы жолу 24 сааттын ичинде жети айдан бери уланып келе жаткан жаңжалда өкмөттүк күчтөрдүн бир да аскери өлтүрүлбөгөнүн кабарлады.

“Бул мен үчүн канчалык маанилүү экенин силер элестете да албайсыңар. Мен бир да аскерим өлтүрүлбөгөн же жарадар болбогон бул биринчи түн”, - деди Порошенко Австралиядагы сапары маалында.

9-декабрда Украина армиясы менен орусиячыл козголоңчулардын ортосунда “Жымжырттык күнү” жарыяланган. Ага карабай, 11-декабрда өкмөттүк күчтөрдүн өкүлү үч аскер набыт кетип, сегизи жарадар болгонун кабарлаган.

Бейшембиде Порошенко орус бийлигине чек араны жаап, Украинанын чыгышынан өз армиясын чыгарып кетүүнү талап кылган.

БУУнун маалыматына ылайык, Украинадагы жаңжалда апрель айынан бери төрт миңден ашык адам набыт кетип, бир миллионго жакыны өз үй- жайларын таштап кетүүгө мажбур болушту.

XS
SM
MD
LG