Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:03

Социал-демократтар БНКнын арзан сатылышын текшерүүнү тапшырды


Жогорку Кеңештеги Социал-демократтар фракциясы ИИМге Бишкек нефть компаниясынын арзан сатылышынын себебин текшерүүнү тапшырды.

Бул тууралуу аталган фракциянын лидери Чыныбай Турсунбеков “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, бул компания боюнча аукцион өтүп, анын наркы 1,5 миллиард сомго чейин бааланган. Бирок көп өтпөй аукциондогу кардарлар аны алуудан баш тартып, БНКны орусиялык “Роснефть” компаниясы 137 миллион сомго сатып алган.

Маалыматка ылайык, “Бишкек нефть компаниясы” жабык акционердик коомун сатып алуу аракети ушул жылы февраль айында эле башталган. Быйыл ноябрь айында сатуу жараяны толук аяктап, БНК толугу менен “Роснефтке” өттү. (BkA)

XS
SM
MD
LG