Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:17

Google Translate өзбек, тажик жана казак тилдерин которот


Бүгүнтөн тарта дүйнөдөгү эң белгилүү тил котормочусу Google translate сервиси өзбек, казак жана тажик тилдеринде иштей баштады. Компания билдиргендей, аталган тилдерде которуу компьютерлерде да, уюлдук телефондордо да жеткиликтүү.

Google компаниясы программасынын жаңы мүмкүнчүлүктөрүн ишке ашырууга жардам берген бардык колдонуучуларга ыраазычылык билдирди.

Учурда колдонуучулар өзбек жана тажик тилдерине которууда көптөгөн кемчиликтер болуп жатканын айтышууда.

Өткөн жылы компания расмий сайтында ар кандай тилдерди билген, автоматтык котормо үчүн сөздүк түзүүгө жардам бере ала турган ыктыярчыларды кабыл алуу жарыяланган.

Системага жакында кыргыз тили да кошуларын, бул жаатта адистер Чоробек Сааданбеков менен Мурат Жумашев иштеп жатканын аталган компаниянын адиси Тилек Мамутов билдирди.

Google translate азыр сексенден ашык тилде которо алат.

XS
SM
MD
LG