Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:04

Шинжаңда аялдардын паранжа кийүүсүнө тыюу салынды


Кытай бийлиги Шинжаң-Уйгур автоном районунун борбору Үрүмчүдө аялдарга паранжа кийип жүрүүгө тыюу салды.

Жергиликтүү расмийлер бул тууралуу 11 - декабрда жарыялашты.

Маалымат агенттиктери билдиргендей, бул буйрук калкынын басымдуу бөлүгү ислам динин тутунган Шинжаң аймагында чыңалуу жаратышы мүмкүн.

Ушул эле жылдын августунда райондун түндүк-батышындагы Карамай шаарында адамдын көзүнөн бери жапкан мусулман кийимдерин кийгендерге жана узун сакал өстүргөндөргө коомдук автобустарга түшүүгө тыюу салынган.

Бул жылы Шинжаңда бир нече террористик чабуулдар болуп, андан жүздөгөн адамдар набыт кеткен. Буга байланыштуу ондогон жергиликтүү уйгурлар камалып, чабуулга тиешеси бар деп айыпталгандар өлүм жазасына тартылган.

XS
SM
MD
LG