Бишкекте олимпиада чемпиону Каныбек Осмоналиевдин байгесине арналган оор атлетика боюнча эл аралык мелдеш өтүүдө. Ага Кыргызстан, Казакстан жана Орусиядан 100дөн ашуун спортчулар катышууда. Эркектер арасында сегиз салмакта, кыз-келиндер арасында жети салмакта таймаштар жүрүүдө. Кожомкул атындагы спорт ордосунда өтүп жаткан бул мелдеш 13-декабрда да уланат.
Олимпиаданын, дүйнөнүн төрт жолку жана Европанын эки жолку чемпиону Каныбек Осмоналиевдин байгесине арналган эл аралык мелдеш быйыл 27-жолу уюштурулууда.(ECh)