Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:12

“Парламенттик шайлоо -2015” аттуу тегерек стол өтөт


15-декабрда Бишкекте 2015-жылдын күз айларына белгиленген парламенттик шайлоо, андагы күтүлүүчү окуялар, тобокелдиктерди талкуулаган жыйын өтөт. Бул тууралуу уюштуруучулар кабарлашты.

Тегерек столго биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев, Президенттик аппараттын башчысы Данияр Нарымбаев, Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Туйгунаалы Абдраимов ж.б эксперттер катышат.

Алдыдагы шайлоолордо колдонулуучу жаңы технология биометрикалык маалымат жөнүндө өкмөт түшүндүрмө берет. Биометрикалык маалымат коопсуздугу боюнча да талкуу өтмөкчү.

Кыргызстанда өзү тууралуу биометриялык маалымат тапшырган жарандардын саны 1 миллион 32 миң киши болду. Алардын басымдуусу 43%,Ош шаарында, эң азы Бишкекте 16%.

Өкмөттүн чечими менен алдыдагы парламенттик шайлоонун тазалыгын камсыз кылуу үчүн жарандардын биометриялык маалымат базасы түзүлүүдө. Мындай маалымат тапшырбаган жаран добуш берүү укугунан ажырайт. (TSh)

XS
SM
MD
LG