Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:48

ӨКМ: Кар көчкүлөр атып түшүрүлдү


Жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо жана адам өмүрүн сактоо максатында Кыргызстандын бир катар унаа жолдорунун аймагында кар күрткүлөрү атып түшүрүлдү.

ӨКМ Бишкек-Ош унаа жолунда 9-декабрдан 12-декабрга чейин жалпысынан 79 жолу атуу жүргүзүлүп, ири көлөмдөгү кар көчкү түшкөн. Ал эми Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунда жалпысынан 28 жолу атуу жүргүзүлгөнү менен кар көчкү түшкөн эмес. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Сузак районундагы Кыз-Көл айыл аймагында болсо 7-8-декабрында жааган кардан жана катуу шамалдын кесепетинен Кашка-Терек-Кызыл-Кыя ички чарбалык жолу кар күрткүлөрүнө толуп, жабылып калган. Учурда ал жерде тазалоо иштери жүрүүдө.

Ош облусунун Өзгөн районунда дагы 7-8-декабрда жааган кардын кесепетинен Ийри-Суу айыл аймагынын Ор-Казган айылына баруучу ички чарбалык жол жабылган. Кардын бийиктиги 1-1,2 метрге жеткен. Унаа жол айыл аймактын балансында, жол каттамын калыбына келтирүү иштери жүргүзүлө элек. (TSh)

XS
SM
MD
LG