Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:32

Алымкулов: Башка министрлерге үлгү болууну чечтим


Беш жыл бою министрлик кызматты аркалаган 43 жаштагы Алиясбек Алымкулов кызматтан өз эрки менен кетип, башка министрлерге үлгү болууну чечкенин "Азаттыкка" билдирди.

- Мени эч ким кызматтан алган жок, өз арызымдын негизинде кеттим. Бийликте эле жармашып отура бербей, башка министрлерге үлгү болоюн дедим. Жаңы жылда жаңы министр келсин, башкалардын иштешине да мүмкүнчүлүк бериш керек да. Мени эч ким кет деп кысымга алган жок, – деди Алымкулов.

Алымкулов мындан ары саясаттан оолак болуп, илимий иштер менен алектенерин кошумчалады.

Кечээ, 12-декабрда эмгек, жаштар жана миграция министри Алиясбек Алымкулов кызматтан бошотулган. Апрель баатыры Алиясбек Алымкулов 2010-жылдан соң жаштар министри болуп дайындалган. Ал жетектеген министрлик кийин Эмгек, жаштар жана миграция министрлиги болуп кайра түзүлгөн. (TSh/UEz)

XS
SM
MD
LG