Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Март, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:33

Стамбулда кыргыз ишкерлеринин форуму уланууда

Түркия, Орусия, Казакстан, Жапония жана башка өлкөлөрдө иш алып барган кыргызстандык ишкерлер 12-13-декабрда Түркиянын Стамбул шаарында 3-дүйнөлүк форумга чогулушту. Анда Кыргызстан Бажы биримдигине жана Евразия экономикалык союзуна киргенден кийинки өлкөнүн экономикалык абалы талкууланып жатат.

Иш-чаранын бүгүнкү бөлүгүндө Экономика министрлигинин алдындагы инвестиция тартуу агенттигинин башчысы Алмаз Сазбаков Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү камтыган программасын тааныштырды.

Форумга расмий бийликтен премьер-министрдин кеңешчиси Олег Панкратов, Мамлекеттик салык кызматынын жетекчи орун басары Мукай Кадыркулов, Бажы кызматынын төрагасынын орун басары Расым Айдаралиева, Экономика министрлигинин алдындагы инвестиция тартуу агенттигинин башчысы Алмаз Сазбаков катышууда. (ZKo/TSh) 

XS
SM
MD
LG