Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Июнь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:45

Дүйнө сулуусу бүгүн аныкталат

Айкөл Аликжанова.
Айкөл Аликжанова.

Лондондо өтүп жаткан сулуулар сынагына Кыргызстандан 24 жаштагы Айкөл Аликжанова катышууда. Дүйнөнун булуң-бурчунан чогулган 124 сулуунун бири бүгүн “Дүйнө сулуусу-2014” таажысын киет. Ага сыйлыкты былтыр бул титулду жеңип алган филиппиндик Меган Янг тапшырат.

Лондондо 20-ноябрда чогулган сынактын катышуучуларына финалга чейин кайрымдуулук иш-чарасы, спорттук таймаш, улуттук кийим жана талант көрсөтүү тапшырмалары боюнча балл топтоого мүмкүнчүлүк берилген.

Аталган сынакка жолдомо алган «Кыргызстан сулуусу-2014» наамынын ээси, Айкөл Аликжанова мындай дүйнөлүк сынакта Кыргызстандын атын алып чыккан 3-катышуучу. Былтыр бул сынакка 18 жаштагы Жибек Нукеева катышкан болчу. (TSh)

XS
SM
MD
LG