Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:37

Кыска метраждуу тасмалар фестивалы эртең жыйынтыкталат


12-декабрдан баштап Бишкекте өтүп жаткан «Кыргызстан – кыска метраждуу тасмалар өлкөсү» фестивалынын жыйынтыгы эртең чыгат. Эл аралык программа боюнча 13 тасма, ал эми кыргызстандык 10 тасма көрсөтүлгөн. Бул жолу калыстар тобун түркмөнстандык кинорежиссер Ходжакули Нарлиев жетектөөдө. Чыгармачыл сынактын жыйынтыгында мыкты тасма жана мыкты режиссер тандалып алынып, калыстар тобунун жана көрүүчүлөрдүн атынан сыйлыктар тапшырылат. Жалпы байге фонду 500 миң сом.

Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө арналган бул маданий иш-чаранын максаты – киноискусстводогу кыска метраждуу фильмдердин актуалдуулугун арттыруу жана автордук көз караш аркылуу кинематографтагы жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачуу.

Төрт күндүк фестивалды «Айтыш» коому, Кыргызстандын Кинематографисттер союзу жана Кинематография департаменти уюштурууда. (TSh)

XS
SM
MD
LG