Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:28

Цюрихтеги башаламандыкта бир нече полиция жабыркады


Швейцариянын Цюрих шаарында жума күнү кечинде 200гө чукул беткапчан адамдар башаламандык уюштурган. Алар колдоруна темир союлдарды кармап, көчөдөгү автоунаа, бак-дарак, таштанды челектерди өрттөшкөн.

Жаалдангандарды токтотуу үчүн чыккан шаардык полициянын жети кызматкери жараат алды.  Беткапчандар полицияга каршы май куюлган бөтөлкө ыргытышкан. Бул тууралуу жергиликтүү ЖМКлар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, калайман ызы-чуу уюштургандардын төртөө кармалган. Алдын ала иликтөөгө ылайык бул башаламандыкты радикал солчулдар уюштурганы айтылууда. Учурда тополоңдо талкаланган чыгым жүз миң евро деп бааланды. (TSh)  

 

 

XS
SM
MD
LG