Соңку 15 күн ичинде күйүүчү жана майлоочу майдын баасы үч жолу арзандады. Бул күн аралыганда өлкөнүн түндүгүндө АИ-80 маркасындагы бензин 1,90 тыйынга, АИ-92, 95, 98 үлгүсүндөгү күйүүчү май 2 сомго төмөндөдү. Бул тууралуу “Азаттыкка” Нефтетрейдерлер бирикмесинин жетекчиси Медетбек Керимкулов билдирди. Мындан сырткары дизелдик отунга баа 2 сомдон 3 сом 20 тыйынга чейин арзандаган. Өлкө түштүгүндө 1 сомго айырма бар. Мисалы АИ-92 үлгүсүндөгү күйүүчү май 2 сом 90 тыйын төмөндөдү. Керимкуловдун белгилешинче, ушул айдын соңуна чейин бензиндин дагы арзандашы күтүлөт.
Нефтетрейдерлер ассоциациясынын маалыматы боюнча, күйүүчү майдын баасы жыл башынан бери 11 пайызга көтөрүлгөн. Башкача айтканда, күйүүчү май баасы литрине 4,3 сомго чейин өскөн. (КЕ)