15-декабрда Москванын фондулук биржасында 1 доллар 58, 2 рублга, 1 евро 73, 14 рублга сатылды. Жума күнү эле 57 рубль 1 доллар, 70 рубль 1 евро болчу. Рублдын арзандоосу дүйнөлүк рынокто кара майдын баасы төмөндөгөнүн чагылдырат.
Рубль өтүп бараткан 2014-жылы АКШ долларына салыштырмалуу 60 процентке жакын кубатын жоготту. Москванын Украинадагы аракеттеринен улам жайдан бери АКШ, Канада, Европа Биримдиги жана башка Батыш мамлекеттери Орусияга каршы киргизген экономикалык санкциялары рублди алсыратты.