Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:21

Назарбаев Кремлди кыйытып сындады


Астанада Шанхай кызматташуу уюму - ШКУга мүчө мамлекеттердин премьер-министрлеринин жыйыны өтүүдө.

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев жыйындын ачылышындагы сөзүндө ШКУ “саясий салмак жана экономикалык кубат алып баратканына” токтолуп: “Уюм, баарынан мурда, стабилдүүлүк, мүчөлөрү арасында территориялык талаштын болбоосу, ошондой эле заманыбыздын үч жамандыгы: жикчилдик, экстремизм жан терроризмге каршы чогуу күрөшүү үчүн иштейт”, - деди. Серепчилердин баамында, Назарбаевдин бул сөзү Крымды аннексиялап алган жана Чыгыш Украинадагы орусиячыл жикчилдерди колдогон Москвага кыйытып айтылды.

Украинадагы окуялардан кийин Орусияга коңшулаш мамлекеттерде Кремль биздин да территорияга көз артышы мүмкүн деген кооптонуу пайда болгон.

XS
SM
MD
LG