Бишкек мэриясы борбор калаанын башкы планын ачыкка чыгарды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди. Быйыл жайында президент Алмазбек Атамбаев кол койгон мыйзамга ылайык, калктуу жайлардын башкы планы жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарынын расмий сайтында жана мекемелердин өзүндө жарыяланышы керек.
Буга чейин жарандык активисттер Бишкектин башкы планын ачык жарыялоону талап кылып келишкен. Алар шаар бийликтери “Шаар куруу жана архитектура жөнүндө” мыйзамда көрсөтүлгөн талаптарды аткарбай, өз кызыкчылыгы үчүн башкы планды ачыкка чыгарбай жатат деп айыпташкан. Учурда каалоочулар шаардын башкы, бекитилген планын мэриянын сайтынан таба алышат. (КЕ)