Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:33

Канжар Кадыралиев Интерпол аркылуу изделет


Бул тууралуу “Азаттыкка” Ош облустук милициянын маалымат катчысы Жеңиш Ашырбаев билдирди. Анын айтымында, Канжар Кадыралиевди Интерпол аркылуу издөө үчүн документтер даярдалууда. “Издөө иштери уланууда. Анын кармалышына милиция деле кызыкдар. Жабырлануучу Келдибаевдердин “Ошто жүрөт” деген маалыматы буга чейин текшерилип, тастыкталган эмес”, - деди ал. Ал эми адвокат Байыш Жоробеков Канжар Кадыралиев тергөө менен кызматташууга даяр экенин жана айрым маселелерден улам суракка келбей жатканын “Азаттыкка” айтты.

Бүгүн жабырлануучу Сактан Келдибаевдин эжеси Уулкан жана апасы Абиба издөө салынган Кадыралиев Ошто ээн-эркин жүргөнүн, аларга телефон чалып, ишти “кыргызча” бүтүрүүнү сунуштап жатканын маалымат жыйында айтып чыккан. Алар Канжардын кармалбай жатканына милицияны күнөөлөгөн. (КЕ)

XS
SM
MD
LG