Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:43

Конгресс Украина боюнча мыйзам долбоорун Ак Үйгө жөнөттү


АКШ Конгрессинин Сенаты Украинага куралдан жардам көрсөтүүгө жана Орусияга дагы жаңы санкция жарыялоого уруксат берген мыйзам долбоорун бекитти. Эми ага президент Обама кол коюшу керек.

Ак үйдүн өкүлү 13-декабрда шамдан кийин кабыл алынган мыйзамдан кабардар экенин билдирди. Ал Вашингтондун санкциялары Орусиянын чыгымын көбөйтүп, алардын америкалык ишкерлерге, эл аралык мунай рыногуна жана дүйнөлүк экономикага тийчү зыянын минималдаштырганы маанилүү экенине токтолду. Ошондой эле санкцияны колдогон союздаштар менен өнөктөштөрдүн кызыкчылыгына зыян келтирилбеши керек экенин баса белгилеп, жаңы мыйзам долбоору ошол балансты бузбай турганы иликтенет, деди Ак үйдүн чиновниги.

Сенат Орусиянын Украинадагы агрессиясына каршы Ак Үй азыркыдан да чечкиндүү чара көрүш керек деп санайт.

XS
SM
MD
LG