Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:25

Ысык-Көл: өспүрүмдөр катышкан жол кырсыктары өсүүдө


Бул тууралуу “Азаттыкка” облустук жол кайгуул кызматынын башчысы Азамат Исраилов билдирди. Анын айтымында, быйыл өспүрүмдөр катышкан 95 жол кырсыгы катталса, анын айынан 11 жаш өспүрүм каза тапкан. Былтыр 90 учур катталып, 20 өспүрүм мерт кеткен.

Учурда жол кайгуул кызматы балдар үчүн жол эрежелерин үйрөткөн китепче чыгарды. Анда мектепке чейинки жана мектеп окуучулары үчүн ыр түрүндө, түстүү сүрөттөрү менен жолдо жүрүү эрежелери жазылган. Кырсыктын алдын алуу үчүн окуучуларга дарс окулууда. (МК)

XS
SM
MD
LG