Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:36

Даудоглу гүленчилерди "кутумчу" деп айыптады


Түркия полициясы 14-декабрда рейд өткөрүп, кеминде 24 адамды кармаган. Камакка алынгандардын арасында президент Эрдогандын сынчысы, АКШда жашаган улама Фетхуллах Гүлен менен байланыштагы “Заман” гезитинин башкы редактору жана “Саманйолу” телеканалынын төрагасы бар. Премьер-министр Ахмет Даудоглу АК партиясынын колдоочулары менен кездешүүдө оппозициялык партияларга жакын медиа булактарды өкмөткө каршы кутум уюштурду деп күнөөлөдү:

- Бирөөлөр мамлекеттик институттарга кирген, бирөөлөр премьер-министр жана президенттин жүзмө-жүз сүйлөшүүлөрүн жазып алган. Бирөөлөр чалгындоо агенттигине каршы чагым уюштурган. Башкалар сириялыктарга жардам ташыган машинелерди токтоткон жана анысын дүйнөгө жарыя кылган. Алар жазасыз калбай турганын мурда ойлошу керек болчу.

Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча комиссары Федерика Могерини жана Кеңейүү боюнча комиссары Йоханнес Хан Түркиядагы камакка алууларды “Европанын баалуулуктарына каршы аракет” деп сыпатташты. АКШ Мамдепартаменти Түркия өкмөтүнө кайрылып, алардын аракети басма сөз эркиндигин жана башка демократиялык баалуулуктарды бузбайт деп кепилдик берүүгө чакырды.

XS
SM
MD
LG