Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:03

Сиднейдеги кафе барымтачыдан бошотулду


Барымтадан бошотулгандар. Сидней.
Барымтадан бошотулгандар. Сидней.

Австралиянын мыкты куралданган полициясы Сиднейдин ортосундагы кафеге чабуул жасады. Полиция имараттын ичине киргенде барымтада кармалып отургандардын айрымдары качып чыккан. Маалыматтарга караганда, кафеге чабуул Сидней убактысы боюнча таңга жуук жасалды.

15-декабрда барымтадан беш адам качып чыккан эле.

Медиктер айрым адамдарды замбилге салып көтөрүп чыккан.

Телеканалдардын бири берген репортажда кафенин терезесинен ич жагынан колун көтөрүп турган үч адам жана арабча жазуусу бар кара желек көрсөтүлгөн.

Полиция чабуулду жергиликтүү маалымат булактары барымтачы 50 жаштагы Ман Харон Монис экенин аныкташкандан кийин жасады. Теги ирандык Монис сексуалдык зордук көрсөткөн жана адам өлтүрүүгө катышкан деп айыпталып жаткан. Буга чейин тергөө учурунда күрөө төлөп, үйгө чыгарылган экен.

XS
SM
MD
LG