Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:54

Жаштар министрлигине төрт талапкер сунушталды


Данияр Тербишалиевдин министрлик кызмат боюнча Фейсбук аркылуу коомчулукка кайрылуусу. 15-декабрь, 2014-жыл.
Данияр Тербишалиевдин министрлик кызмат боюнча Фейсбук аркылуу коомчулукка кайрылуусу. 15-декабрь, 2014-жыл.

Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин ордуна төрт талапкер көрсөтүлгөнү кабарланды. Маалыматка ылайык, министрдин кызматына Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын депутаттары Данияр Тербишалиев, Ирина Карамушкина, Абдуманап Кутушев жана “Улуу баян” коомдук фондунун жетекчиси Бакыт Манасов сунушталган. Фракция азырынча Тербишалиевдин талапкерлиги көрсөтүлгөнүн тастыктады. Кутушев талапкерлигин алып койду.

Ал арада Данияр Тербишалиев фейсбуктагы баракчасына министрлик кызматка байланыштуу коомчулуктун пикирин билгиси келип жатканын жазды.

Ошондой эле Билим берүү жана илим министринин ордуна вице-премьер министр Элвира Сариева, Виценин кызматына Дамира Ниязалиева көрсөтүлдү.

Эмгек, миграция жана жаштар министри Алиясбек Алымкулов менен Билим берүү жана илим министри Канат Сыдыков өткөн жума соңунда кызматтан кеткен. (SE)

XS
SM
MD
LG