Парламенттин Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча комитети бүгүн, 16-декабрда Камила Дүйшөбаеванын табышмактуу өлүмү жана Таласта бычакталган ишкер Райкан Алкановдун иши боюнча тергөөнүн жүрүшүн талкуулайт. Депутаттарга Ички иштер министри Мелис Турганбаев баяндама жасайт.
19 жаштагы Камила Дүйшөбаеванын сөөгү быйыл 16-мартта шаардын чекесиндеги Байтик айылынан табылган. Жакында бул иш боюнча көрсөтмө бергендердин арасында башкы прокурор Аида Салянованын аталаш тууганы Калый Салянов менен “Мекен шейиттери” уюмунун жактоочусу болуп жүргөн Осунбек Жамансариев да бар экени маалым болгон.
Ал эми Райкан Алкановго 26-октябрга караган түнү Таластагы өз үйүндө кол салышкан. Дарыгерлер анын өмүрүн сактап калган. Кылмышка шектелип үч кыз кармалган болчу. (SE)