Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:31

Украинадагы согушта каза тапкандар 4700дөн ашты


Украинанын чыгышындагы абал.
Украинанын чыгышындагы абал.

БУУнун Адам укуктары комитети 15-декабрда билдиргендей, Украинанын чыгышындагы өкмөттүк күчтөр менен орусиячыл жикчилдердин согушунан 4 707 адам каза таап, 10 322 киши жарадар болду.

Бириккен улуттар уюмунун жаңы жарыяланган баяндамасында айтылгандай, апрелден берки согуштун кесепетинен 542 миң адам Украинанын өзүндө жер которсо, 568 миң адам башка өлкөлөргө качкын болуп кеткен. Анын 466 миңи Орусияда.

Баяндамада учурда кооптуу жерлерде беш миллиондон ашык адам жашап жатканы белгиленген. Украинанын чыгышында быйыл 5-сентябрда ок атышпоо келишимине жетишилгенден кийин дагы жүздөгөн кишинин өмүрү кыйылган.

XS
SM
MD
LG