Дүйшөмбү күнү Бельгияда жарандар пенсиялык реформа жана бюджеттик чыгымдарды кыскартууга каршы жалпы нааразылык акциясына чыкты. 600дөн ашуун авиакаттам токтотулду. Поезд жана башка транспорттор да каттамга чыкпады. Жүздөгөн заводдор, мекемелер иштеген жок.
Коалициялык өкмөт быйыл октябрда пенсияга чыгуучулардын жаш курагын жогорулатууну жана 2015-жылга карата маянаны өстүрбөй, азыркы калыпта сактоо чечимин чыгарган болчу.