Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:35

Камила Дүйшөбаеванын өлүмүнө байланыштуу 400 күбө суралды


Бул тууралуу ички иштер министринин орун басары Рыскул Жапаркулов Жогорку Кеңештин комитет жыйынында билдирди. Анын айтымында, учурда чет өлкөлүк адистер менен иликтөө иштери жүрүп жатат. Бул ишти министр Мелис Турганбаев өз көзөмөлүнө алды. Жапаркулов Дүйшөбаеванын өлүмүнө байланыштуу “Азаттык” жазып чыккан маалыматтар да текшерилип жатканын кошумчалады.

Парламенттин Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча комитети Камила Дүйшөбаеванын табышмактуу өлүмү жана Таласта бычакталган ишкер Райкан Алкановдун иши боюнча тергөөнүн жүрүшүн талкуулады.

Бишкек шаарынын 19 жаштагы тургуну Камила Дүйшөбаеванын киши колдуу болгон сөөгү ушул жылдын 16-мартында шаар четиндеги Байтик айылынан табылган эле. Ушул кезге чейин бул иштин бети ачыла элек. “Азаттык” маркум Камила менен өлкөдөгү таанымал адамдар байланышта болгонун жазып чыккан. Анын атасы Эшмамбет Дүйшөбаев бийликте бул иштин ачылбай калышына кызыкдар күчтөр бар деген түкшүмөлүн билдирген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG